Машыктыруучулардын, калыстардын айлыгы өтө төмөн болушу да бокстун өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө. Мындай пикирин Иса Кунасов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бай тарыхы бар боксту өркүндөтүү үчүн өкмөттөн тиешелүү каражат бөлүнүп, көңүл бурулушу кажет.
"Бокс боюнча советтик мектеп өзүнүн жолун улантып келатат. Биздин машыктыруучулардын толук кандуу иштей албагандыгынын себептери бар. Өкмөттөн өнүктүрүү үчүн каражат бөлүнүшү керек. Бул жагынан биздин боксту башка өлкөлөр менен салыштыруу мүмкүн эмес. Анткени буга өлкөнүн башчысы да көңүл бурса жылыш болот эле. Спорттун аталган түрү боюнча ийгилик жаралышы үчүн убагында окуу-машыгуулар уюштурулушу керек. Машыктыруучулар акчасынын жоктугунан спортчулар менен окуу-машыгууларга бара алышпай жатат. Кесибинен тапкан каражат менен үй-бүлөсүн толук камсыз кыла алышпайт. Алар патриоттук сезим, спортко болгон сүйүүсү менен гана иштеп жатышат", — деди Кунасов.
Ошондой эле адис жаш калыстарды тарбиялоодо Кыргызстандын бокс мектебинин келечеги чоң экендигин кошумчалады.
Подкасттын толук варианттын видеодон көрүңүз: