Кыргызстандын аскерлери "Танк биатлону" эл аралык мелдешине даярданууда. Сүрөт

Коргоо министрлиги катаал конкурстук тандоодон өткөн мыкты жоокерлер гана өлкө намысын коргоо үчүн жиберилерин айтты. Иш-чара жыл сайын Россияда өтүп келет.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргызстандын аскерлери "Танк биатлону — 2021" эл аралык мелдешине даярданууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган иш-чара Россиядагы армия оюндарынын эл аралык таймашынын алкагында 24-августтан 4-сентябрга чейин өтөт.

Кечээ, 27-июлда, министрдин орун басары, полковник Алмазбек Карасартовдун жетекчилиги астында мелдешке жөнөтүлө турчу курама команданын саптык кароосу болгон.

"Быйыл экипаждарды тандоо жана окутуу 20 636 аскер бөлүгүнүн "Эдельвейс" окуу борборунун базасында жүргүзүлдү. Катаал конкурстук тандоодон өткөн мыкты жоокерлер гана өлкө намысын коргоо үчүн жиберилет. Мелдеште эң татаал жолдорду басып өтүшөт", — деп айтылат маалыматта.

Танк биатлону — Россияда жыл сайын өткөрүлүп келген аскердик ири иш-чаралардын бири. Өлкө бул мелдешке 2013-жылдан бери катышууда. Өткөн жылы Кыргызстан командасынын экинчи экипажы группалык этапта 3-орунду алган.