Жугуштуу илдеттер ооруканасынын бейтаптары компьютердик томографиядан бекер өтөт

Жабдуу 2020-жылы ПРООН менен СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча глобалдык фондунун "ВИЧ жана кургак учукту эффективдүү көзөмөлдөө" долбоорунан үнөмдөлгөн каражатка алынды.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына Францияда чыгарылган Optima CT520 16sl үлгүсүндөгү компьютердик томография алып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Жабдуу 2020-жылы ПРООН менен СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча глобалдык фондунун "ВИЧ жана кургак учукту эффективдүү көзөмөлдөө" долбоорунан үнөмдөлгөн каражатка алынды.

Ашказандан кызыл өңгөч жасап... Хирург Токтоказиев уникалдуу операция тууралуу
Алдын ала сүйлөшүүлөргө караганда, компьютердик томография кызматын бул ооруканада дарыланып жаткандар, кургак учук, ВИЧ, COVID-19 менен жабыркагандар жана балдар акысыз пайдалана алат.

Жабдуунун жалпы баасы 34 миллион сом деп бааланды.

Мекеменин башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев компьютердик томография дарылоо сапатын жакшырта турганын кошумчалады.