OPEN FC мушкерлер уюму Бишкекте өтчү Гран-при мелдешинин постерин чыгарды

Лиганын жетекчилиги кыргызстандык мушкердин мыкты көрсөткүчүнүн урматына финалды Бишкекте өткөрүү чечимин кабыл алган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. OPEN FC мушкерлер лигасы Бишкекте өтүүчү өзүнүн алгачкы Гран-при мелдешинин постерин чыгарды. Турнирдин анонсун уюм өзүнүн Instagram баракчасына кечээ жарыялады.

Гран-при мелдеши 14-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт. Анын башкы беттешинде, эң жеңил салмак категориясындагы Гран-при мелдешинин финалында кыргызстандык мушкер Алмардан Абдыкааров чыгат. Ага армениялык атлет Айк Казарян атаандаштык кылат.

Хабиб Нурмагомедовдун турнири Чолпон-Атадагы ат майданда өтөт
Марада чемпиондук кур жана бир миллион рубль акчалай байге бар.

Абдыкааров финалга чейинки жолунда адегенде азербайжандык тажрыйбалуу атлет Эльнар Ибрагимов менен беттешип, аны утуп алган

Кийинки бразилиялык Матеус Сантосту техникалык нокаут менен жеңген.

Лиганын жетекчилиги кыргызстандык мушкердин мыкты көрсөткүчүнүн урматына финалды Бишкекте өткөрүү чечимин кабыл алган.