COVID-19га кабылгандар үчүн Чүй менен Бишкектеги ооруканалардагы бош орундар

Бишкек менен Чүйдө коронавируска кабылгандарды 20га чукул ооруканада кабыл алышат. Бүгүн аларда жалпысынан 650дөн ашык орун бош экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бишкек шаары менен Чүй облусунун чет жакаларында коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн 17 ооруканада 656 бош орун бар. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалымат бүгүн, 28-июль, саат 10:00гө карата берилди:

  • Улуттук хирургия борбору — 4;
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 52;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 1;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 52;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 16;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 19;
  • Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 47;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 28;
  • Улуттук госпиталь. Урология корпусу — 13;
  • Улуттук госпиталь (мобилдик госпиталь) — 25;
  • Наркология боюнча улуттук борбор — 30;
  • Аскердик госпиталь — 15;
  • Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 188;
  • Улуттук госпиталь (Нейрокорпус) — 28;
  • Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 123;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 14;
  • КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 2.