Бостериде 18 жаштагы баланын аквапарктагы өлүмү боюнча иш козголду

Каргашалуу окуяны президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев жеке көзөмөлүнө алган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатынын аймагында болгон каргашалуу окуя — 18 жаштагы уландын өлүмү боюнча иш козголду. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, аталган факты райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү базасына катталып, Жазык кодексинин 135-беренеси ("Этиятсыздыктан киши өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголду.

"Азыркы тапта РИИБдин тергөө кызматы тарабынан көз жумган уландын сөөгү өлүкканага киргизилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Ошто сууга чөккөн эже-сиңди: окуянын чоо-жайы айтылды
Каргашалуу окуяны президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев жеке көзөмөлүнө алганы кошумчаланды.

Эске салсак, 27-июль күнү Бостери айылындагы аквапаркта уланды суу түтүгү соруп кетип каза болгон.

Буга чейин Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов 18 жаштагы баланын өлүмү боюнча атайын комиссия түзүлөрүн айткан. Ошондой эле ал текшерүүлөр кандайдыр бир жакшы жыйынтык бермейинче ушул сыяктуу аттракциондор жабылышы мүмкүн экенин кошумчалаган.