Айсулуу Тыныбекова баштаган КРдин балбан кыздары Олимпиадага сапар алды

Олимпиада-2020 мелдешинде кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер 1-августта башталат. Кыргызстандан Айпери Медет кызы алгачкылардан болуп килемге чыгат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы Олимпиада-2020 мелдешине катышуу үчүн Токиого сапар алды. Бул тууралуу өлкөнүн Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Команда курамында дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм), Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) жана Айпери Медет кызы (76 килограмм) бар.

Команданы башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков менен ага-машыктыруучу Байгазы Кенжебаев коштоп кетишти.

Эске салсак, Олимпиада-2020 мелдешинде кыздар күрөшү боюнча мелдештер 1-августтан башталат. Кыргызстандан Айпери Медет кызы алгачкылардан болуп килемге чыгат.