Бишкек шаарынын аймагында акыркы жарым жылда 1 291 автокырсык катталып, 27 киши каза болду. Мындай маалыматты Байказы Айтикул уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, былтыр өлкө аймагында пандемияга байланыштуу өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизилип, транспорт кырсыктары аз катталган.
"Жол кырсыктары Бишкек шаарында гана эмес, өлкө боюнча да көп болууда. Статистикалык маалыматтарга таянсак, Бишкекте 1 291 болуп, тилекке каршы, 27 жаран каза тапкан. Мындан тышкары, 1 643 адам түрдүү жаракаттарды алган. Жалпы жонунан борбор калаада автокырсык былтыркы жарым жылга салыштырмалуу 30 пайызга көбөйгөнү байкалууда. Анын жүйөлүү себептери бар. Алсак, өлкө аймагында пандемияга байланыштуу өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизилип, жөө жүргөндөргө жана айдоочуларга чектөө коюлган. Учурда кыймыл абдан көп", — деди маалымат катчы.
Ошондой эле адис кээ бир айдоочулар автоунаасына чет өлкөлүк номурду тагып алып эреже бузуп жатышканын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: