Дүйнөдөгү карызы асман чапчыган мамлекеттер аталды

Эксперттин айтымында, Япониянын мамлекеттик карызынын суммасы өлкөнүн ички дүң продукциясынан 234 пайызга көп.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Япония дүйнө боюнча мамлекеттик карызы эң көп өлкө аталды. Бул туурасында РИА Новости Стратегиялык иштеп чыгуулар институтунун инвестициялык анализ жана макроэкономикалык изилдөө борборунун жетекчиси Даниил Наметкинге шилтеме берүү менен жазды.

Карызынын көлөмү боюнча кийинки орундарда Улуу Британия, АКШ жана Еврозона (евро валютасын колдонгон өлкөлөр) турат. 

Кыргызстан 5 айда мамлекеттик карызды төлөөгө 13,2 млрд. сом сарптады
Эксперттин айтымында, Япониянын мамлекеттик карызынын суммасы өлкөнүн ички дүң продукциясынан 234 пайызга көп. Ал эми Улуу Британияныкы 144 пайызга, АКШныкы 160 пайызга, Еврозонаныкы 120,4 пайызга көп.

Ошондой эле ал коронавирустук кризистен улам макроэкономикалык шарттар начарлап кетсе дүйнөлүк банктар каржы системасындагы туруктуулукту сактоо үчүн рыноктун өзгөрүшүнө карап адаттан тыш кадамдарга барууга даяр экенин көрсөткөнүн белгилеген.  

Белгилей кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик карызынын суммасы 5 миллиард доллардын тегерегинде.