ӨКМ: акыркы суткада үч киши сууга чөгүп кетип, экөөнүн сөөгү табылды

Куткаруучулар каза тапкандардын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бирөө Чоң Чүй каналына, экинчиси Киров суу сактагычына чөгүп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада сууга үч киши чөгүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кечээ, 25-июль күнү, Бишкектеги Чоң Чүй каналында (БЧК) адамдын сөөгү жаткандыгы туралуу маалымат түшкөн. Ал жерге барган беш куткаруучу маркумду суудан алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.

Даярдык күчтүү болсун. Жапаров табигат кырсыктарына каршы ишти күчөтүүнү тапшырды
Ошол эле күнү Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү Кел-Суу көлүнө эркек киши түшүп кеткен. ӨКМ аны беш куткаруучу издеп жатканын, сөөк табыла электигин билдирди.

Ошондой эле Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы Киров суу сактагычына 27 жаштагы эркек киши чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге барган үч куткаруучу саат 20:47де маркумдун сөөгүн суудан таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.