“Казынасын” толтуруу үчүн жасалма доллар саткан кылмыштуу топ кармалды. Сүрөт

Кармалгандардын бири мурда каракчылык беренеси менен соттолуп, № 26 жатак-абагында жаза мөөнөтүн өтөгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. "Кылмыштуу казынаны" толтуруу үчүн жасалма доллар саткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

“Казынасын” толтуруу үчүн жасалма доллар саткан кылмыштуу топ кармалды. Сүрөт

Маалыматка ылайык, ыкчам иш-чаралардын алкагында өзгөчө ири өлчөмдө жасалма акча каражаттарын сатууну пландаштырып, кийинчерээк “кылмыштуу казынасын” толуктоого аракет кылган уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдар аныкталган. 

Уюшкан кылмыш тобунун эки мүчөсү ишкерден 20 миң доллар талап кылган
Натыйжада 24-июлда УКМК кызматкерлери тарабынан С.С., М.А. жана М.У. аттуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Үйлөрүн тинткенде 6 800 доллар өлчөмүндө жасалма акча чыккан. 

Кармалгандардын бири мурда Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (“Каракчылык”) боюнча соттолуп, № 26 жатак-абагында жазасын өтөгөн.

Үчөө тең УКМКнын тергөө абагына киргизилген.