Ичип алып рулга отургандар көбөйдү. Чүйдөгү рейддин көңүл чөгөргөн жыйынтыгы

Акыркы убакта Чүй жана Ысык-Көл облустарында адам өмүрүн алган ири жол кырсыктары катталды. Президент рейддик чараларды күчөтүүнү тапшырса, ИИМ башчысы кызматкерлер үч смен менен иштээрин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Чүй облусунда узаган жумада ичип алган айдоочулар андан мурдагы аптага караганда көп аныкталды. Бул тууралуу облустук ЖКККБ билдирди.

Жол кырсыгына жөө жүргөндөр да себепкер. Эмнелерди эске алуу керек
Эске сала кетсек, акыркы убакта Чүй жана Ысык-Көл облустарында адам өмүрүн алган ири жол кырсыктары катталган. Президент Садыр Жапаров жума күнү, 23-июлда, ИИМге мас айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик чараларды күчөтүүнү тапшырган. Ошол эле күнү ички иштер министри Улан Ниязбеков Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерине үч смен менен иштөөгө тапшырма берген.

Редакция узаган жума жана андан мурдагы аптадагы маалыматтарды салыштырып, мыйзам бузуунун эки түрү көбөйгөнүн аныктады. Кеп бир гана Чүй облусу тууралуу сөз болуп жатат.

Мыйзам бузуулардын жалпы саны — 2 258 (эки жума мурда — 1 733), анын ичинен:

  • 32 айдоочу мас болуп рулга отурган (андан мурдагы жумада — 23);
  • 814 айдоочу ылдамдыкты ашыра айдаган (андан мурдагы аптада — 793).