Иманалиев Токиодо бир нече өлкөнүн спорт министрлери менен жолукту. Сүрөт

Иманалиев Япониянын министрлери менен да пикир алышып, Oлимпиаданын ийгиликтүү өтүп жаткандыгы менен куттуктаган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Токио шаарында өтүп жаткан Олимпиаданын алкагында уюштурулган спорт министрлеринин жыйынына катышты. Бул туурасында ведомствонун мааалымат кызматы билдирди. 

Жыйынды Япониянын Маданият жана спорт министрлиги уюштурган.

Токио Олимпиадасына аткаминерлер эмнеге баратат. Расмий түшүндүрмө
Андан соң Иманалиев Япониянын маданият жана спорт министри Хагиуда Коичи жана Токио Олимпиада жана Паралимпиада оюндары министри Марикава Тамауа менен жеке жолугушуп, Oлимпиаданын ийгиликтүү өтүп жаткандыгы менен куттуктаган. Тараптар кыргыз-япон маданий жана спорттук кызматташуу маселелерин талкуулаган. 

Мындан сырткары, Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова, Түркиянын спорт жана жаштар министри Мехмет Касапоглы, Өзбекстандын туризм жана спорт  министри Азиз Абдухокимов жана башка өнөктөш өлкөлөрдүн министрлери менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу маселелери боюнча пикир алмашканы айтылат.