Министрдин орун басары Урмамбетов айдоочуларга жол эрежелерин түшүндүрдү. Сүрөт  

Акыркы убакта Чүйдө жана Ысык-Көлдө жол кырсыктары көп катталууда. ИИМ өкүлү каргашаларды алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү үчүн комплекстүү чараларды ишке ашыруу зарылдыгын белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган жол тескөөчүлөрдү текшерүүгө алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Урмамбетов жол кырсыктарын алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү үчүн комплекстүү чараларды ишке ашыруу зарылдыгын белгилеген.  

Мындан сырткары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздагандарга кызмат өтөө учурунда жеке коопсуздук чараларын катуу сактоо керектигин айткан.  

"Андан сырткары, Октябрь Урмамбетов Бишкек — Чолпон-Ата каттамы боюнча ылдамдык режимин бузган айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоо керектиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүздү. ИИМ башчысынын орун басары ар бири менен маектешкенде айдоочулук күбөлүгү жана тажрыйбасы барлар дагы жол эрежелерин билбей тургандыгы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.  

Андан кийин кеңешменин жүрүшүндө Ысык-Көл милициясынын ЖКККБнын жетекчилерине жол кырсыктарын алдын алуу иштерин жана айдоочуларга түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырган. Өзгөчө мас абалында автоунаа башкарган айдоочуларга катуу чара көрүлүшү керектигин айткан.