Дастан Жумабеков Көк бөрү федерациясынын Таластагы жетекчиси болуп шайланды

Шайлоо бүгүн өткөнү маалымдалды. Буга чейин Талас облусунда көк бөрүчүлөрдү Жылдызбек Музуратбеков башкарып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Көк бөрү федерациясынын Талас облусундагы жетекчиси болуп шайланды. Бул туурасында маалыматты Көк бөрү федерациясы тастыктады.  

Федерация облустагы жетекчилер аймактагы көк бөрү командаларынын жетекчилери менен активдеринин добуш берүүсү менен шайлана турганын белгилейт. Башкача айтканда федерация жетекчилиги тарабынан дайындалбайт.

Буга чейин Талас облусунда көк бөрүчүлөрдү Жылдызбек Музуратбеков башкарып келген. 

Дастан Жумабеков октябрь окуяларына чейин Жогорку Кеңештин төрагасы болуп иштеген. Учурда депутаттардын  катарын толуктап келет.