Нигматулин сүйүүсүнө жолуккан тасма. "Кырчын өмүр, кыйылган сүйүүдөгү" ирмемдер

Sputnik

Тасманын сценарийи Аркадий Ваксбергдин чыгармасынын негизинде жазылып, аны камерага Константин Орозалиев түшүргөн. Кинофильмде Борбор Азиядагы чакан бир шаардагы турмуш, театрдын артисти Назарды сүйүп калган Гулянын турмушу баяндалат. Бирок жаш кызды жакындары Эркин аттуу адамга турмушка берүүгө аракет кылат. Тойдун алдында Назар менен Гуля жакын болуп, кыздын боюна бүтүп калат. Туугандарынын кысымы менен Гуля зордукталганын айтып милицияга арыз жазып, Назар соттолуп кетет.

Ар бир эпизоду "сүйлөп" турат. "Алтын күздөгү" кызыктуу ирмемдер
Убакыт өтүп Гуля уул төрөп, өзү сүйгөн камактагы Назарды эркиндикке чыгарууга аракет кылат. Бирок анын каалоосун бир дагы инстанция канааттандырбай коёт. Тасмада темир тор артындагы эркектин, баласы менен аны күткөн келиндин сезимдери, кусалыктан өзүн-өзүн атып өлтүргөн аялдын кайгылуу тагдыры көрсөтүлгөн.

Кинофильмде Талгат Нигматулин, Венера Ибрагимова, Советбек Жумадылов, Светлана Норбаева, Куман Тастанбеков, Ахмед Шамиев, Макиль Куланбаев, Лейла Бекназарова, Павел Винник, Тургун Бердалиев, Асанали Ашимов, Раиса Куркина, Наталья Аринбасарова образ жараткан.

"Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү" фильминин аркасы менен башкы ролдорду аткарган Талгат Нигматулин менен казакстандык актриса Венера Ибрагимова жакшы мамиледе болуп баш кошуп, Линда аттуу кыздуу болушкан. Анда Нигматулин 33, Ибрагимова 19 жашта болгон.

 

 

1 / 12
Башкы ролду аткарган Талгат Нигматулин менен Венера Ибрагимова
2 / 12
Кыргыз актёру Советбек Жумадылов жана казакстандык актриса Венера Ибрагимова
3 / 12
Актёр Талгат Нигматулин Мелис Убукеевден башка кыргыз режиссёрлорунун бир катар тасмаларында да роль жараткан
4 / 12
Белгилүү киноактёр Талгат Нигматулин менен актриса Таттыбүбү Турсунбаева Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында кинопроба маалында
5 / 12
Жайыл дасторкондо эс алган актёрлор, камераны шыкаалаган режиссёр
6 / 12
Балалуу боло албаган түгөйлөр. Ролдордо Талгат Нигматулин менен Светлана Норбаева
7 / 12
Сахнада роль аткарган театр актёрлору менен актриса
8 / 12
Кызды зордуктоого шектелип камалган башкы каарман
9 / 12
Камера артында турган оператор Константин Орозалиев менен режиссёр Мелис Убукеев
10 / 12
Киночулар фильм тартуу аянтчасы катары чыныгы түрмөнү колдонушкан
11 / 12
Камактан чыгып каралбай калган өз үйүнөн жакындарын издеген Назар Муратов (Талгат Нигматулин)
12 / 12
Убукеевдин ал эмгеги ошол эле жылы көрүүчүлөргө сунушталган