Бишкек мэриясынын кызматкери кафе ээсинен пара алууга шектелип кармалды

Кызматкер Түгөлбай-Ата көчөсүн реконструкциялоо долбоорун өзгөртүү үчүн кафенин ээсинен 9000 доллар пара алганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын кызматкери мурда пара катары алган 6000 долларды кайтарып жатканда кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, М. А. аттуу кызматкер Түгөлбай-Ата (Линейный) көчөсүн реконструкциялоо долбоорун өзгөртүү үчүн кафенин ээсинен 9000 доллар пара алган. Ал үчүн Кытайдан алынган грантка оңдолуп жаткан жолдун чекесиндеги кафенин имаратын ордунда калтыруу макулдашылган.

Бул боюнча далилдүү фактылар алынгандан кийин бүгүн, 23-июлда, мэриянын кызматкери кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы тапта аталган кылмыш иши боюнча комплекстүү тергөө иштери жүрүп, катыштыгы бар башка адамдар да аныкталууда.