Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүндөгү түндүк ордуна коюлду. Сүрөт

Буга чейин жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүндөгү түндүк жоголгону тууралуу маалымат тараган. Натыйжада бул маселеге президенттин администрациясы кийлигишти.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүндөгү мурда алып салынган түндүк ордуна коюлду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Кадрдан түндүктү орнотуу иштери дээрлик аяктап калганын көрүүгө болот.

Борбор калаанын чок ортосунда Бишкек баатырдын эстелиги ачылды. Сүрөт
Белгилей кетсек, буга чейин жазуучунун уулу Аскар Айтматов атасынын күмбөзүндөгү түндүк жоголгону тууралуу айтып чыккан болчу. Кийинчерээк элемент анын ордун алмаштыруу үчүн алып салынганы белгилүү болгон. Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев билдиргендей, айрым жарандардын пикиринде, түндүктүн жерге түшүп калганы туура эмес. Кыргыз элинде "түндүгүң түшкүр", "түндүгү түшүп калыптыр", "түндүгүң түшүп кетсин" деген сөз бар. Муну эске алуу менен "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүндөгү жерге коюлган түндүктөр өйдө көтөрүлмөй болгону айтылган. Түндүк Айтматовдун үй-бүлөсү менен макулдашпай туруп алып салынган. Буга байланыштуу президенттин администрациясында жолугушуу болду.

Чыңгыз Айтматовдун сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлган. Өлүм алдындагы керээзи боюнча, ал атасы, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон Төрөкул Айтматовдун жанына көмүлгөн.