Чүйдөгү жол кырсыгында дагы эки киши көз жумду, айдоочунун мас экени аныкталды

ӨКМ буга чейин төрт киши көз жумганын билдирсе, милиция дагы экөө ооруканадан үзүлгөнүн айтты. Алар менен сүзүшкөн айдоочунун ичип алганы маалым болду, ал дагы стационарга жеткирилген.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Чүйдө төрт кишинин өмүрүн алды делген жол кырсыгынан дагы эки адам ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Чүй милициясынын ЖКККБсы билдирди.

Буга чейин ӨКМ кечээ кечинде Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 107-чакырымындагы Нур айылында Honda Stepwgn жана Mitsubishi Pajero автоунаалары кагышып, анын кесепетинен төрт киши көз жумуп, беш киши жаракат алганын билдирген.

Милициянын маалыматы боюнча, жол кырсыгы саат 22:30дар чамасында болуп, дагы эки киши ооруканадан каза тапкан.

"Чыгыш тараптан батышка бараткан Mitsubishi Pajero унаасынын 46 жаштагы айдоочусу каршы тилкеде келе жаткан Honda Stepwgn унаасы менен сүзүшкөн. Анын айынан экинчи унаадагы айдоочу менен үч жүргүнчү мүрт кеткен. Бүгүн, 23-июлда, эртең менен аймактык ооруканада ошол эле Honda Stepwgn унаасындагы эки киши көз жумду. Ошондой эле дагы эки киши ооруканада ар кандай жаракат менен жатат", — деп айтылат маалыматта.

Жаңы кол кармашкан жуптар сүрөткө түшөбүз деп "жол кырсыгына кабылды". Видео
Ал эми Mitsubishi Pajero унаасынын айдоочусун текшергенде ичип алганы аныкталган, учурда жаракат алып ооруканада.

Аталган факт Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Акыркы убакта Чүй жана Ысык-Көл облустарында ири жол кырсыктары болуп жатканына байланыштуу Чүй ОИИББдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларды эрежелерди так сактоону эскертти.