АКШ менен Германиянын макулдашуусун баары күтүп жаткан кезде Украина бийлиги Вашингтондун "акыл-эстүүлүгүнө" ишенип турду. Анткени, Киевдин айтымында, аталган түтүк Украина эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүнө кооптуулук жаратат. Курулуш чындап эле аяктоо алдында турабы? РИА Новости агенттиги жарыялаган макала дал ушул туурасында.
Ишке ашар-ашпас макулдашуулар
"Россия энергетикалык ресурстарды саясий басым жасоо үчүн курал катары пайдаланат деген айыптоолорду дайым четке кагып келет, мындай болгон эмес, болбойт дагы. Баары тең коммерциялык макулдашуулар менен коммерциялык кызыкчылыктын негизинде гана ишке ашат", — деп дагы бир ирет түшүндүрдү Дмитрий Песков.
Вашингтон кечээ жакында эле Германия менен түзүлгөн макулдашуусунун четин чыгарды. Андан бир жума мурун Ангела Меркель Ак үйгө барып келген. Жолугушуудан соң мамдепартамент немецтер бир топ алгылыктуу сунуш айтканын белгиледи.
98 пайызы аяктап калган газ түтүгүнүн курулушуна эч ким тоскоол болбойт. Бирок эгер Россия түтүктү кыянатчылык менен пайдалана турган болсо, Германия кандайдыр бир чара көрүүгө аргасыз болот. Германия буга чейин Москвага каршы бир тараптуу аракет көрүүдөн баш тартып келген, абалга сереп салсак азыр деле кубангандай түрү жок.
Берлин Украинага энергиянын экологиялык булактарына өтүүгө жардам берчү Жашыл фондго инвестиция салууга макул. Кеп жок эле дегенде миллиард доллар тууралуу болуп жатат, Германия алгач 175 миллион котормой болду. Мындан тышкары, Киевге энергетикалык долбоорлор боюнча атайын өкүлүн жөнөтүп, аны менен кошо дагы 70 миллион берип жибермекчи.
Анын үстүнө Берлинден Россия менен Украинанын ортосундагы газ транзити тууралуу макулдашуунун мөөнөтүн кеминде 10 жылга узартууга жардам берүү талап кылынып жатат (мөөнөт 2024-жылы аяктайт). 21-июль күнү кечинде Меркель менен Владимир Путин телефондон сүйлөшүп, лидерлер "Газпром" менен "Нафтогаз Украины" компаниясынын ортосундагы макулдашууну өзүнчө талкуулашты.
Россия президенти Германиянын долбоорду ишке ашыруунун тарабында экенин айтып, коммерциялык максат көздөлүп жатканына токтолсо, Меркель Байден менен болгон сүйлөшүүсүнүн айрым деталдарын ачыктады. Москва дагы, Берлин дагы түтүктүн "курулушу аяктап бара жатканын канааттануу" менен белгилешти.
Каршылар
Украина акырына чейин нааразы болду. Владимир Зеленский "Түндүк агымдын" тагдыры АКШнын колунда экенин, Евробиримдик бирдиктүү фронт болушу керектигин айтып келет. Ал Меркель менен 12-июлда Берлинден жолугуп, долбоорду жаап салууга көндүрүүгө аракет кылды. Меркель макул болгон жок.
Байдендин чечимине конгрессмендер да нааразы болушту. Техастан республикачы сенатор Тед Круз макулдашууну "АКШ жана союздаштар үчүн катастрофа жана Путиндин муундарга калган геосаясий жеңиши" деп баалады.
"Украина менен Европанын энергетикасын Путинге берип садага чабышты", — деди дагы бир республикачы Стив Уомак. Ал эми анын партиялашы Жим Риштин айтымында, 11-августта Европанын энергетика коопсуздугун коргоо мыйзамы боюнча доклад чыгат (PEESA), ошондо Ак үй айласын таппай калат. Докладда "санкциялардан баш тартуу эмне үчүн АКШнын улуттук кызыкчылыгы үчүн керек экенине негиздеме берилген".
Бирок Америка бийлиги PEESA алкагында санкция киргизүү же киргизбей коюу укугу сакталарын баса белгиледи.
Моюн толгоо
Украинанын экономика боюнча эксперти Александр Охрименко Киев эми ири инвестиция күтпөй эле коюшу керектигин айтып, Россияга таасир этүү мүмкүн эмес экенин божомолдоду. "Келишим алкактан чыкпайт, энергетикалык коопсуздук тууралуу жалпы сөз болот. Украина тууралуу учкай гана кеп козголуп калышы мүмкүн", — деди ал маегинде.
Бул америкалыктарга да тиешелүү. Рардын айтымында, алар суюлтулган газын Германия менен ЕБге сатууга, ЕБдин энергетика саясатын көзөмөлдөөгө кызыкдар эмес, ошол эле маалда "Украинанын өнүгүүсүн да каржылагысы жок".
"Бул Вашингтон менен Москванын мамилесине караганда трансатлантикалык алакага көбүрөөк тиешелүү, — дейт Эл аралык иштер боюнча Россия кеңешинин башкы директору Андрей Кортунов. — Негизи муну Америка саясатынын жеңилиши же акыл-эстин жеңиши деп эсептөөгө болот. Байден ири жана азыраак зыяндын бирин тандап алууга аргасыз болду. Албетте, басым жасоодон баш тарткысы келген жок, ошентсе да маанилүү өнөктөштүн бири менен чырлашпай туруу артыкчылык кылып кетти".
Бул Меркелдин жеңиши. "Меркель айтканынан кайткан жок, негизи пландарынан немецтер эмес, америкалыктар баш тартууга мажбур болушту", — деди Кортунов.
Газ түтүгүнүн курулушуна каршылык көрсөтүү бекер иш экенин эл аралык мамилелер боюнча эксперт Татьяна Романова да тастыктады. Бирок эми жаңы кооптуулук жаралат. "Түтүк ишке киргени менен 2030-2035-жылдары энергиянын жаңыланып туруучу булактары басымдуулук кыла баштаганда көйгөй Американын кысымында эмес, ЕБдин энергетикалык балансынын өзгөрүшүндө болот", — деди ал.
Узакка созулган талаш-тартыштан соң "Түндүк агым — 2" аяктоо алдында турат. Германия бул түтүк үчүн көпкө чейин кармашты, өлкөнүн позициясы Меркель кеткенден кийин деле өзгөрбөсө керек. Ал эми жашыл энергетика газсыз болбойт. Демек, кымбат деп эсептелген жана көптөн күткөн долбоор акыры өзүн актайт деген үмүт бар.