Кыргызстанга чет жактан теракт жасаганы келген жан кечти колго түштү

Атайын кызмат шектүү КМШдагы өлкөлөрдүн биринде жан кечти болуп теракт жасоого катышууну пландаганын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өнөктөш атайын кызматтар менен биргеликте 22-июлда чет элдик террорчунун ишине бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстанга жардырууларды жана диверсиялык аракеттерди жасоо максатында келген Х.А. аттуу чет өлкөлүк жаран УКМКнын террорчулукка каршы иш-чараларынын алкагында колго түштү.

Кыргызстанга чет жактан теракт жасаганы келген жан кечти колго түштү
"Такталгандай, шектүү айрым КМШ мамлекеттериндеги террордук топтор менен туруктуу байланышта болгон. Аларга идеологиялык колдоо көрсөтүп келген. Ал турсун КМШдагы өлкөлөрдүн биринде жан кечти болуп терактыга катышууну пландаган", — деп айтылат билдирүүдө.

УКМК: Афганистанда согушуп келип, Кыргызстанда теракт жасамакчы болгон
УКМК Афганистандагы аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу эл аралык террордук уюмдар мүчөлөрүн өз өлкөлөрүнө жөнөтүп, ал жактагы коомдук-саясий кырдаалга бүлүк салуу максатында террордук иш-аракеттерди уюштуруу үчүн көмүскөдө жаткандарды активдештирүү аракеттерин көрүп жаткандыгын белгиледи.

Мунун алкагында диний-экстремисттик уюмдардын деструктивдүү идеологияны жайылтуу боюнча аракеттер жанданганы байкалып жатканы айтылат. Буга байланыштуу УКМК жарандарды сак болууга чакырган.

Атайын кызмат эл аралык террордук топтордун мүчөлөрүн жана аларды колдогондорду аныктоо жана алардын аракеттерине бөгөт коюу боюнча иш-чараларын улантат.