Талибдер мекенчил эмес, Пакистандын жалданма согушкерлери

Афганистандан АКШ жана НАТОнун күчтөрүн чыгаруу процессинин аякташы өкмөттүк күчтөр менен талибдердин айыгышкан куралдуу салгылашына жол ачты.
Sputnik

Террордук кыймыл өлкөдөгү бийликти толугу менен колго алууну көздөп, атаандаш тарап менен тил табышууга ниеттенбейт. Ошону менен бирге эле тышкы дүйнөдөн көз карандылыгын да дээрлик жашырбайт.

Курман айтта, 20-июлда, Кабулга ракеталык сокку урулду. Үч ракета айт намазы маалында президенттик сарайдын аймагында жарылды. Андан мурунку күнү эле талибдер ок атууну токтотуу жана Афганистандагы туткундарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр бузулганын жар салышкан. Соңку убактагы согуштук аракеттерден Пакистандын кыйратуучу ролу улам ачык байкалууда. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко дал ушул жагдайга баам салган.

Ташкентте өткөн коопсуздук боюнча эл аралык конференцияда Мохаммад Ашраф Гани Пакистандын афган багытындагы ишмердигин кескин сынга алды. Ал Пакистандагы "Талибандын"* тарапташтары афган калкына залал келтирүүнү "ачык эле майрамдап" жатканын билдирди.

Чалгындоо кызматынын маалыматтарында акыркы айда Афганистанга 10 миң согушкер Пакистандан келгени айтылат. Ошону менен бирге эле "Талибан"* эл аралык террордук уюмдар менен дале байланышта. Бирок Доха келишимине ылайык, ал "Аль-Каида"* жана башкалар менен алакаларды үзүүгө тийиш эле. Эске салсак, Афганистандын территориясында 30га чукул террордук топ бар.

Пакистан "Талибан"* кыймылын колдоп, ал эми Индия менен пикир келишпестиктери бар. Бул атаандаштык Афганистан боюнча да таасир этип, ага чектешкен Борбор Азия өлкөлөрүнө да коркунуч туудурууда.

ЖМК: АКШ Афганистандан 12,5 миң жаранды алып кеткени жатат
Талибдер "жихадга" пакистандык медреселерде машыгышкан. Айрымдардын диний-мекенчил риторикага, мурда сырттан каржыланып келген "Талибанга"* ишеними өчтү. Коңшу өлкөлөрдүн диний-мамлекеттик демилге же кызыкчылыктары Афганистандагы көп жылдык согуштун жүрүшүндө өз мекендештерин жапырт өлтүрүүлөрдү актабайт.

Афганистанда элдешүү боюнча АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзад 20-июлда Исламабадда өлкөнүн премьер-министри Имран Хан жана пакистандык армиянын башчысы генерал Камар Жавед Бажва менен кезикти.

Тараптар афган аралык тынчтык боюнча сүйлөшүүлөрдүн маанилүү экенин баса белгилешти. Анткен менен бул кадамдар жөн гана кеп. Касташуунун дагы бир үлгүсү. Афганистан жана Пакистандын тышкы иштер министрлери Мохаммад Ханиф Атмар жана Шах Мехмуд Куреши 19-июлда өткөн жума күнү Исламабадда афган элчисинин кызынын уурдалышы тууралуу талкуулашты.

Туткундан бошотулган соң элчинин кызы ооруканага жаткырылган. Капысынан болбогон бул окуядан улам Кабул Пакистандагы элчисин жана айрым дипломаттарын чакыртып алды.

Качкындар азыр артка кайтууда

Түндүк провинциялардагы айыгышкан согуштук аракеттер жана "Талибандын"* Афганистандын чек араларга жакын райондорун көзөмөлгө алышы качкындардын агымын арбытууда. Бадахшан провинциясынын Вахан уездинин Андемин афган айылында жашаган этникалык кыргыздардын жоон тобу 14-июлда өз жанын, мал-мүлкүн сактоо ниетинде Тажикстан аймагына өткөн. Кыргызстан бийлиги афгандык кыргыздарын өз аймагына жайгаштырууга даяр экенин билдирген. Бирок төрт күндөн кийин тажик бийлиги тарабынан 345 афган жараны өз транспорт каражаттары жана 4000 баш малы менен кайра артка жөнөтүлгөн. Андан мурун Афганистандын талибдерден качкан жүздөгөн аскер кызматкери жана жай жарандары Тажикстан жана Өзбекстандын чек араларынан өтө качышкан.

Качкындарга Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясына ылайык убактылуу баш калкалаар жай, азык-түлүк жана медициналык жардам берилип, андан соң афган аймагына кайтарылган. Эгер согуштук аракеттердин кысымы алдында миграциялык агым он жана жүз миңдеп санала баштаса, аларды Афганистанга ыкчам түрдө кайтарууга мүмкүн болбой калат. Анда чек араларды талибдер кесип өтпөгөн күндө да афган окуялары Борбор Азия өлкөлөрүн бир топ силкинтет.

Афганистанда талибдер менен түрктөр салгылашабы?
Иран аркылуу Түркияга да качкындар агылып, күнүнө 1000ге чукул киши кетүүдө. Мигранттар талибдерден коркуп качып, жөлөк пул да күтүшөт. Түрк бийлиги үчүн азырынча мындай агым кооптуу эмес, бирок качкындардын көпчүлүгүнүн документи жок. Бардык географиялык багытта террордук экспансия жана баңгизат сатууну кеңейтүү үчүн бул – оңтойлуу жагдай.

Талибдердин коркутууларына карабастан Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган 20-июлда дагы бир ирет Анкара "Кабул" эл аралык аэропортунун коопсуздугун Вашингтондун административдик-каржылык колдоосунда камсыздоого даяр экенин кайталады.

Ага катар эле түркиялык маалымат каражаттары калкты Түркияны Афганистанда абдан жакшы көрүшөрүнө ынандыруу далалатында. Мусулманчылыкка чейин Афганистанды көптөгөн түрк уруулары байырлаган, ал эми ислам дини таралганда Селчук мамлекетинин курамында калган. Түркиянын үстөмдүгү кийин да сакталганын белгилеп, Афганистан 1921-жылдын 1-мартында "жаңы" Түркияны тааныган биринчи өлкө болгон имиш.

Түркияга сырттан да алгачкылардан болуп дал Афганистандын королу расмий сапар менен келген. Ошондон улам түркиялык күчтөргө Кабулдан кетүүгө такыр болбойт. Эрдогандын бир көйгөйү – элдешкис талибдерди бул гуманитардык вазыйпанын пайдалуу экенине ынандыруу.

Россия менен ЖККУнун позициясы

РФ Коргоо министрлиги Афганистандын чек араларында ири контртеррордук машыгуулардын сериясын даярдоодо. Мисалга, 30-июлда Сурхандарыя облусунда россиялык-өзбек аскердик окуулары башталат. Ага катар эле Өзбекстан Душанбе тарапка, атап айтканда Хатлон облусундагы Харб-Майдон полигонундагы россиялык-тажик-өзбек биргелешкен машыгуулар үчүн Тажикстанга авиация жана спецназды жеткирмекчи.

Эч кимге эми жеңил болбойт. Афганистандагы акыркы кырдаалга сереп
Россиялык танкисттер 20-июлда тажикстандык Ляур полигонунан бул жакка чейин 200 чакырымдык марш жасашкан. Афган чек арасында ЖККУнун ыкчам тобу иштөөдө. Тажикистанда жайгашкан россиялык 201-аскердик база, Кыргызстандагы "Кант" россиялык авиабазасы дайым даярдыкта, жамааттык коопсуздук зонасындагы түштүк чек араларынын коопсуздугун кепилдеп турат.

Мисалга заманбапташтырылган Ми-8 тик учактарынын экипажынын Ысык-Көл облусундагы "Эдельвейс" авиациялык полигонундагы үч күндүк учуш-тактикалык машыгуулары бүгүн, тагыраак, 22-июлда, аяктайт.

Кокус Борбор Азияга экстремисттер аяк баса турган болсо, Москва чөлкөмдөгү ЖККУ боюнча өнөктөштөрүнө көмөктөшүүгө даяр. Эки тараптуу негизде бул принципиалдуу позицияны Тажикстандагы РФ элчиси Игорь Лякин-Фролов да тастыктады.

Россия тышкы иштер министри Сергей Лавров Борбор Азия өлкөлөрү өз аймактарында америкалык базаларды жайгаштырууга ниети жок экенин эске салып, муну менен ЖККУнун бекемдигин баса белгиледи.

* – бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюмдар.