Коронавирустан 12 киши каза таап, миңден ашуун адам ооруп калды. Статистика

Пандемиядан бери расмий түрдө 150 миңден ашуун адамдан коронавирус аныкталып, тең жарымы айыкты. Тилекке каршы, эки миңден ашууну көз жумду.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Өлкөдө акыркы суткада коронавирус инфекциясын 1 837 киши жеңди, дагы 1 169 адам вирус жуктурса, 12 бейтап ооруну жеңе албай калганын Республикалык штаб кабарлады.

Айыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек — 1 303;
  • Ош шаары — 95;
  • Чүй — 155;
  • Ош — 35;
  • Талас — 13;
  • Нарын — 12;
  • Ысык-Көл — 36;
  • Жалал-Абад — 95;
  • Баткен — 93.

Ушуну менен оорудан 130 742 киши сакайды.

Жуктургандар:

  • Бишкек — 760;
  • Ош шаары — 13;
  • Чүй — 132;
  • Ош — 31;
  • Талас — 12;
  • Нарын — 17;
  • Ысык-Көл — 52;
  • Жалал-Абад — 76;
  • Баткен — 76.
  • Жалпы 153 878 адам ооруду.

Тилекке каршы, бир сутка ичинде 12 киши өтүп кетти. Алардын алтоо Бишкекте, Чүйдө төртөө, Нарында жана Баткенде бирден бейтап дарыланып жаткан. Пандемия жалпысынан 2 217 адамдын өмүрүн алды.