Бүгүн Садыр Жапаров депутаттар менен жолугушат. Эмне тууралуу сөз болот

Маалыматка караганда, президент парламентарийлер менен учурдагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий абал тууралуу пикир алышат.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда, парламент депутаттары менен жолугушат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Айрым маалымат булактары жолугушуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болорун айтууда.

"Президент парламентарийлер менен учурдагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий абал тууралуу пикир алышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин Жапаров депутаттарды шайлоо боюнча конституциялык мыйзам долбоорун сунуштаган. Бирок ага депутаттардын көпчүлүгү каршы пикирин билдирген. Кийинки жыйында добушка коюлмак.