Олимпиаданы COVID-19дан улам токтотушабы? Уюштуруучулардын жообу

Токиодо 1-июлдан тарта олимпиада оюндарына тиешеси бар чет элдиктер жана япондордон коронавирустун 67 учуру катталган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Токиодогу Олимпиада оюндарынын уюштуруучу комитети маанилүү иш-чараны ийгиликтүү өткөрүү жана аны токтотпоо үчүн 120 пайыз аракет кылып, жан үрөп иштеп жаткандыгын айтышты. Бул туурасында жазган РИА Новости алар менен байланышкандыгын кабарлады.

Токиодогу Олимпиада 23-июлдан 8-августка чейин болот. Софтбол боюнча мелдештер бүгүндөн, шаршембиден тарта, башталды. Шейшемби күнү уюштуруу комитетинин аткаруучу директору Тосиро Муто пикирин билдирип, Япониядагы Олимпиада оюндары коронавирустан улам мына башталат деп турган акыркы учурларда токтоп калышы мүмкүндүгүн четке каккан эмес.

"Рейтер" агенттиги Мутонун оюндардын токтотулушу туурасындагы суроого берген жообун жазды.

"Бул талкууну эгер оору көп чыгып кетсе улантабыз. Коронавирус боюнча абалдан улам беш тарап менен кайрадан сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Учурда коронавирус жуккан учурлар көбөйүп же түшүп кетиши мүмкүн. Андыктан эмне кыларыбызды абалга карап туруп чечебиз", — деген Муто.

Уюштуруу комитетинин башка өкүлү Олимпиада мына башталат деп турган учурдун акыркы мүнөтүндө токтоп калуу мүмкүнчүлүгү жаралып жатканы туурасында өзүнүн пикирин айткан.

Токио Олимпиадасында COVID илдетине чалдыккан 9 жаңы учур катталды
"Олимпиаданы ийгиликтүү өткөрүп алуу үчүн 120 пайыз иштеп, жан үрөп жатабыз. Софтбол боюнча мелдештер башталды. Ал эми эки күндөн кийин расмий ачылышты өткөрүп алууга камынабыз", — деп айтып берген.

Токиодо 1-июлдан тарта Олимпиада оюндарына тиешеси бар чет элдиктер менен япондордон коронавирустун 67 учуру катталган. Булар — спортчулар, ал жерде иштеген кызматкерлер жана делегация мүчөлөрү эле. Андан сырткары, вирус бар деген жыйынтык Токиодон сырткаркы лагерде машыгып жаткан спортчулар менен кызматкерлерден да чыккан.