Кытайда нөшөрдөн кийин метрону суу каптап 12 киши көз жумду. Видео

Жүргүнчүлөрдүн метродо көкүрөгүнө чейин каптаган суудан чыга албай калган сүрөт, видеолору социалдык тармактарга жарыяланды.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кытайда суу ташкынынан улам метронун вагондорун суу каптап, 12 киши каза болду. Бул тууралуу Sina.com агенттиги жергиликтүү бийликке таянып кабарлады.

Кырсык кечээ, 20-июлда, Кытайдын Чжэнчжоу шаарында болгон. Нөшөр бир сааттай төгүп, жергиликтүү бийлик шаардагы транспорт кыймылын токтоткон. Мындан улам айрым поезддер кыймылдын жандануусун станциялардын ортосундагы тоннелдерде күтүүгө туура келген. Ал эми метронун дагы бир техникасы суу каптаган аймакта калып, метро кызматкерлери 500дөй кишини эвакуациялаган.

​Күбөлөр тарабынан тартылып, социалдык тармактарга жүктөлгөн видеодон ондогон адамдардын суу толгон вагондордон чыга албай калганын көрүүгө болот.

​Кырсыктан улам метродо кеминде 12 киши каза болуп, дагы беш адам жаракат алган. Маалыматта куткаруу операциясы улантылып жатканы айтылды. Суу каптаган вагондо канча киши болгону азырынча так кабарлана элек.