COVID: бир суткада 1 291 жаңы учур катталды. Статистика

Ооругандар мурункудай эле борбор калаада басымдуулук кылат. Акыркы күндөрү айыккандардын саны 1000ден ашууда.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан 1 242 адам сакайса, 1 291 киши оору жуктуруп алганын Республикалык штаб кабарлады.
Айыккандар:
Ушуну менен оорудан айыккандардын жалпы саны 127 692 болду.
Илдет илештирип алгандар:
Коронавирустун жаңы штаммдарынын мурда байкалбаган симптомдору айтылды
Штабдын маалыматында 10 киши каза болгону айтылды. Анын алтоо Бишкекте болсо, экөө Чүйдө, бир киши Таласта, дагы бирөө Баткенде дарыланып жаткан. Жалпысынан 2 196 киши оорунун курмандыгы болду.
Ушу тапта стационардык дарыланууда 4 552 бейтап бар. Анын 66сынын абалы канааттандырарлык, 2 919 бейтаптыкы орто оор, 1 345 кишиники оор, 222 бейтаптыкы өтө оор экени белгилүү болду.
Бир суткада 19 медиктен коронавирус чыкты.