Диетолог ысыкта эртең менен кайсы тамактарды жебеш керектигин айтты

Дарыгер ысыкта боткону ынак сүткө эмес, сууга бышырууну сунуштаган. Анткени жайында сүт ирип кетиши ыктымалдыгын эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Диетолог Нурия Дианова күн өтө ысып жатканда эртең мененки тамакка да көңүл буруу керектигин айтты. Дарыгердин эртең мененки тамак тууралуу кеңештери РИА Новостиге жарыяланды.
Ысыкта ден соолукка зыян деген үч кооптуу азык аталды
Медик ысыкта боткону сүт менен жасабай эле койгон оң экенин белгилеген.
"Сүт менен жасалган ботко ысыкта бат бузулат. Жайкысын боткону сууга эле жасап, ага жер-жемиш аралаштырып койгон оң. Айрыкча, сулу акшагынын боткосуна көңүл буруу керек", — деди Дианова.
Диетолог боткого кургатылган жемиш эмес, жаңы бышкан жемишти кошуп жеш керектигине кеңеш берген.