Россиялык жаңы истребитель коомчулукка көрсөтүлдү. Видео

Россиянын "Ростех" мамлекеттик корпорациясы өзүнүн YouTube каналына МАКС-2021 авиакосмостук салонуна коюлуучу жаңы россиялык истребителинин ролигин чыгарды.
Sputnik
Видеодо учактын сырткы көрүнүшү, айрым өзгөчөлүктөрү көрсөтүлгөн. Ошондой эле учакты "Сухой" компаниясы иштеп чыкканы расмий айтылганын РИА Новости жазды.
Мындан тышкары, видеодон истребителдин башкаруу механизмдерин көрүүгө болот.
Россиялык гипер үндүү ракеталар F-35 жана F-22ни "пайдаланууга жолтообу"? Сереп
РИА Новости май айында коргонуу-өндүрүш жаатындагы маалымат булагына таянып, "Ростех" Россияда алгачкы жолу бешинчи муундагы бир кыймылдаткычтуу, жеңил көп багыттуу истребитель иштеп чыкканын жазган. Агенттиктин маектеши белгилегендей, анын учуу салмагы 18 тоннадан ашпашы керек, ал эми максималдуу ылдамдыгы эки Махтан ашат. Ошол эле учурда ал радарга байкалбай турган жана супер маневрлүү сапаттары менен айырмаланат.