Коронавирустун жаңы штаммдарынын мурда байкалбаган симптомдору айтылды

Адистин билдиришинче, вирус тезирээк тарай баштады, башкача айтканда, жугуштуу болуп калды. Вакцина алгандар гана ооруну чанда жуктурууда.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Коронавирустун жаңы штаммдарынын мурда байкалбаган симптомдору билине баштады. Бул тууралуу Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко билдиргенин РИА Новости жазды.
"Кээде ичеги-карынды ооруткан белгилер байкалууда. Көбүнчө ангинага окшош көрүнүштөр коштолот", — деген ал.
COVID-19дун жеңил түрү менен ооругандарда канча антитела болот. Адистин пикири
Анын айтымында, вирус тезирээк тарай баштады, башкача айтканда, жугуштуу болуп калды. Министр вакцина алган адамдар жалпы ооругандардын 2,5 пайызын түзөрүн кошумчалаган. Көбү ооруну жеңил көтөрүп, бейтаптардын 95 пайызын ооруканага жаткыруунун деле кажети жок болду.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун акыркы маалыматтары боюнча, коронавирус 188,6 миллион адамда аныкталды, ал эми Жон Хопкинс университетинин эсебинде оорулуулардын саны 190,4 миллиондон ашты. Төрт миллиондон ашуун киши көз жумду. АКШ, Индия, Бразилияда абал турукташа элек.