Россиядагы айылды каптаган чиркейлердин "куюну". Видео

Камчаткадагы Усть-Камчатск айылын чиркейлердин "армиясы" каптап кеткен. Видеодон абада түркүк сымал болуп куюндаган миллиондогон жаныбарларды көрүүгө болот. Алар бир нече метрге көтөрүлүп, андан соң тарап кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. "Камчатка-информ" порталы энтомолог Людмила Лобкованын айтып бергенине таянып, мындай "куюндун" кооптуулугу жоктугун билдирген. 
Смерч из комаров накрыл поселок в России — видео
"Булар кишинин канын сорууга чыккандар эмес, алар бир нече ургаачынын айланасында учуп жүргөн эркек чиркейлер", — деп түшүндүргөн адис.
Мындай көрүнүш жыл сайын эле кайталанарын айтып, аны байкоо аба ырайына жана санына жараша болорун коушмчалаган.