Алматыда вакцинага каршы үгүттөгөндөргө кызыл зонага экскурсия уюштурулду

Вакцинадан баш тартууга үндөп келгендерден үчөө гана кызыл зонага экскурсия кылууга макул болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Алматынын башкы санитардык врачы Жандарбек Бекшин вакцина алууга катуу каршы чыгып жаткан үч жаранды кызыл зонага алып кирип экскурсия уюштурду. Бул тууралуу РИА Новости шаардын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгына таянуу менен жазды.
Маалыматка ылайык, коронавируска каршы вакцина алуудан баш тартуу пикирин билдирип санврачтын кеңсесине бир топ киши келген. Бекшин аларды кызыл зонага экскурсия кылууга чакырганда үчөө гана макул болгон.
"Бүгүнкү күндө реанимацияда жаткандардын 100 пайызы вакцина алган эмес. Вакцинага каршы үндөгөндөрдүн кесепетинен реанимацияга түшүп калган адамдардын саны ушундай көп болуп жатат. Алар бейтаптарга жана медиктерге канчалык кыйын болуп жатканын өз көзү менен көрүшүн кааладым", — деп айткан башкы санврач.
Вакцина тукумсуздукка алып келеби? Расмий органдын жообу
Вакцинага каршы болгон жарандар медиктер, бейтаптар менен сүйлөшүп, оор абалда жаткан реанимациядагы адамдардын абалына күбө болгон.
"Ичиндеги кырдаалды көргөндөн кийин кандай ойдо калганы белгисиз, бирок үн-сөзү жок чыгышты. Ушуну менен аргументтери түгөндү окшойт", — деп жазган шаардык саламаттык башкармалыгы.
Азыркы тапта Алматыдагы эпидемиологиялык кырдаал оор. 2,2 миң адам ооруканада жатат, анын ичинен 180и жаш балдар.