Акыйкатчы мамлекеттик кызматкерлерди мажбурлап вакцина алдырбоого чакырды

Көбү "вакцина албасаңар жумуштан бошотобуз, айлыгыңарды кыскартабыз" деген кысымдар болуп жатканын айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Акыйкатчы институту бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилерин мажбурлоо же коркутуу жолу менен коронавируска каршы эмдөө жүргүзүүдөн алыс болууга чакырды.
Маалымат кызматы тараткан билдирүүдө Акыйкатчынын 115 түз байланыш кызматы аркылуу өлкөнүн бардык аймактарынан даттанып жатканы айтылды.
"Министрлер кабинети тарабынан уюштурулган коронавируска каршы вакцинация жүргүзүүнү айрым жетекчилер кызматкерлерин мажбурлоо менен аткартып жатканын айтып, арыздангандар көп болууда. Көпчүлүгү "бизди жетекчилик вакцина албасаңар жумуштан бошотобуз, айлыгыңарды кыскартабыз" деген кысымдар болуп жатканын, ал эми алар вакцина сайдыргысы келбегендигин билдиришүүдө", — деп жазылат маалыматта.
Акыйкатчы институту мажбурлоо фактылары аныкталган учурда жетекчилер жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.
"Ошол эле учурда вакцина алуу — адамдардын ден соолугунун коопсуздугу үчүн дүйнө мамлекеттеринин бирдиктүү саясаты экенин эске алуубуз зарыл. Илдетке каршы эмделүү туура кадам экенине кошулабыз. Бирок мажбурлоо эмес, өз ыктыяры менен барышы үчүн активдүү үгүт иштерин жүргүзүүнү, такталган расмий маалыматтарды жайылтуу жана маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоону Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине сунуштайбыз", — деп жазылган пресс-релизде.
Алматыда вакцинага каршы үгүттөгөндөргө кызыл зонага экскурсия уюштурулду
Ошондой эле коркутуу же мажбурлоо менен эмдөөгө алып келип жатса укук коргоо органдары баа бериши керектиги белгиленет. Эгер алар тараптан чара көрүлбөсө, Акыйкатчы институтуна арыз менен кайрылууга укугу бар деп кошумчалашты.
Ал эми мындан бир нече күн мурда мамлекеттик органдардын башчыларына, облустардын жетекчилерине, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге коронавируска каршы эмдөөнү милдеттүү түрдө жүргүзүүнү тез арада уюштуруу тапшырылган.
Андан сырткары, президент Садыр Жапаров өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу максатында Республикалык ыкчам штабга калкты эмдөөнү тездетүү милдетин жүктөгөн