Казакстандык футболчу кыз "чаян сокку" ыкмасында өзгөчө гол киргизди. Видео

Киргизбаева командасы менен чемпионаттагы 10 турда 16 упай топтоп, мелдештик жадыбалда үчүнчү сапта келе жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. "Ок жетпес" деп аталган кыз-келиндердин футболдук командасынын капитаны Бегайим Киргизбаева Казакстандын чемпионатында өзгөчө ыкмада  гол киргизди. Кубанычтуу учурдун видеосун команда өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
"Чаян сокку" стилиндеги гол өлкө чемпионатындагы "Ок жетпес" — ЖФК "Кызыл-Жар" командаларынын беттешинде болгон.
"Ок жетпестин" капитаны бурчтан чыгарылган топту башы менен алганга аракет кылганда топ оюнчу кыздын арт жагына өтүп кеткен. Ага карабай, спортчу астына чуркап бара жаткан абалда кызыл ашыгы менен топту тээп дарбазага киргизген.
Киргизбаева командасы менен чемпионаттагы 10 турда 16 упай топтоп, мелдештик жадыбалда үчүнчү сапта келе жатат.