БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. УКМК Кыргызстанга теракт жасаганы келген эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөсүн колго түшүрдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.
Ал кыргызстандык жаран болгон.
"14-июлда УКМК согуш жүргөн аймактан Кыргызстанга теракт жасоо максатында келген Г.М. аттуу кыргызстандыкты кармады", — деп айтылат билдирүүдө.
Күч органынын кызматкерлери кармалган жаран Афганистанда террордук даярдыктан өтүп, согуштук аракеттерге катышканын аныкташкан.
УКМК алар эл аралык террордук топтордун республикадагы мүчөлөрүнүн жана тарапташтарынын аракеттерин аныктоо боюнча иш-чараларды улантып жаткандыгын билдирди.