Бул демилге эл өкүлдөрүнүн жоон тобун канааттандырган жок. Рыскелди Момбеков менен Улугбек Садиков аралаш система менен (мажоритардык жана пропорционалдык) шайлоодо байлар гана парламентке келе аларын белгилешти. Жаштар, аялдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жол берилбейт.
Каныбек Иманалиев бул Кыргызстанды катастрофага алып барарын айтса, Таабалды Тиллаев акыр-аягы тополоң, революция менен бүтөрүн билдирди. Андыктан документти артка кайтарууга чакырды.
Ошол эле учурда депутаттардын көпчүлүгү каршы чыгуу менен өздөрүнүн мөөнөтүн узартуу максатын көздөбөгөнүн айтышты. Себеби эгер аталган мыйзам долбоору өтпөй калса, кайра алты айдан кийин каралат. Демек, азыркы чакырылыштагы депутаттардын мөөнөтү дагы узарып кетиши мүмкүн.
Депутат Умбеталы Кыдыралиев мыйзам долбоорун даярдаган жумушчу топ президент Садыр Жапаровго эки вариант сунуштаганын билдирди. Анда ал аралаш системаны тандаган.
Момбековдун айтымында, экинчи вариант преференциалдык система менен шайлоо өткөрүү болгон. Бул мыйзам долбоорун депутат Алтынбек Сулайманов сунуштап, парламентте биринчи окуудан өткөн. Анда шайлоочу партияны жана андагы талапкердин өзүн тандоо укугуна ээ болот.
Парламентарийлер дал ушул демилге өтө турган болсо мажоритардык системага да, пропорционалдууга да альтернатива болмоктугун айтышты. Талкуунун натыйжасында демилге биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Жаңы Конституцияга ылайык, депутаттардын саны 120дан 90го чейин кыскартылган. Анын 35и бир мандаттуу округдан, 55и партиялык система менен шайлоо сунушталууда.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жөнүндө Sputnik Кыргызстандын материалынан тааныша аласыздар.