Ош облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү пайдаланууга берилди. Сүрөт

Имаратты оңдоо иштери 2020-жылдын соңунда башталган. Бүгүнкү күндө COVID-19дун оор түрүнө кабылган бейтаптарды кабыл алууга ылайыкташтырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Оштогу облустук бириккен клиникалык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин аталган аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.
Бөлүмдүн ачылышына саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев жана дарыгерлер катышкан.
1 / 3
Оштогу облустук бириккен клиникалык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди.
2 / 3
Бөлүмдүн ачылышына саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев жана дарыгерлер катышкан.
3 / 3
Алайчиев бөлүмдүн ачылышы менен кызматкерлерди куттуктап, COVID-19 оорусу менен күрөшүүгө салымын кошкон дарыгерлерге Ардак грамота тапшырып, ыраазычылыгын билдирди.
Алайчиев бөлүмдүн ачылышы менен кызматкерлерди куттуктап, COVID-19 оорусу менен күрөшүүгө салымын кошкон дарыгерлерге Ардак грамота тапшырып, ыраазычылыгын билдирди.
"Жугуштуу оорулар бөлүмү абдан керектүү болуп жатат. Анткени өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалда көптөгөн жарандарыбыздын өмүрү сакталып калат деп ишенем. Учурдан пайдаланып өз өмүрүн тобокелчиликке салып, коронавирус менен күрөшүп биздин ден соолугубузга кам көрүп жаткан ак халатчан дарыгерлерибизге ыраазчылык билдирем", — деди Алайчиев.
Бишкекте сентябрга чейин 56 билим берүү мекемеси оңдоодон өтөт
Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратын оңдоо иштери 2020-жылдын 27-декабрында башталган. Капиталдык ремонтко Дүйнөлүк банктын долбоору аркылуу 18 миллион 348 миң сом каражат бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө жугуштуу оорулар бөлүмү COVID-19дун оор түрүнө кабылган бейтаптарды кабыл алууга ылайыкташтырылды.
Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты 1976-жылы курулган. Бирок 45 жылдан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес.