Бишкекте оңдолуп бүткөн эки көчө ачылды. Сүрөт

Азыркы тапта борбор шаардын 29 көчөсүндө оңдоо иштери жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү дагы сегизинде ремонт башталмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бишкекте эки көчө тротуарлары менен кошо оңдолуп бүтүп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Койбагаров көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн тарта Каралаевге чейинки бөлүгү толук реконструкцияланды. Мизилдеген жолдун узундугу 1,22 чакырымды түзөт.
1 / 2
Бишкекте эки көчө тротуарлары менен кошо оңдолуп бүтүп пайдаланууга берилди.
2 / 2
Койбагаров көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн тарта Каралаевге чейинки бөлүгү толук реконструкцияланды.
Тротуарлары жаңыланып, жолдун туурасы тогуз метрге чейин кеңейтилди. Турак үйлөргө жакын жерлер асфальттанган. Жалпысынан 1 025 чарчы метр аянтка 12 сантиметр калыңдыкта асфальт жаткырылды.
Бишкектин 36 көчөсү оңдоо үчүн жабылды. Тизме
Фере көчөсүнүн Тоголок Молдо – Элебесов көчөлөрүнүн ортосундагы 1,2 чакырымдык бөлүгү ремонттолуп, тротуарлары жасалды. Жолдун туурасы оңдоодон кийин тогуз метр болду. Мында жалпы 9 600 чарчы метр аянт 12 сантиметрлик калыңдыкта асфальттанды.
Мэрия бул көчөдө өсүп турган 200 дарактын бири да кыйылбаганын айтты.
Оңдоодон өткөн эки көчөдө ирригациялык системалар да орнотулган.
"Биз жети көчөдөгү оңдоо-куруу иштерин бүткөрдүк. Дагы 29 көчөдө ремонт иштери улантылып жатат. Жакынкы күндөрү дагы сегизинде ремонт башталат", — деп айтылат билдирүүдө.
Көчөлөр "Бишкектин көчө-жол тармактарын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында оңдолуп жатат.