КР тарыхында биринчи жолу көзү азиз дзюдочу кыз Паралимпиадага жолдомо алды

Спортчу 57 килограмм салмакта күч сынашат. Спорт агенттиги өлкө тарыхында биринчи жолу дзюдочу кыз Паралимпиадага катышарын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочу Хайитхон Хусан кызы Токиодо өтө турчу Паралимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
"Биздин Хайит тарыхта алгачкылардан болуп Токио оюндарына парадзюдо боюнча лицензия алды. Ал өлкө намысын коргой турчу биринчи көзү азиз спортчу", — деп жазылган маалыматта.
Спортчу парадзюдо турниринде 57 килограмм салмакта күч сынашат.
Токио Олимпиадасына параспортчулардын ичинен биринчи лицензияны ядро ыргытуу чебери Арстанбек Базаркулов алган.