Instagram аккаунттун коопсуздугу үчүн жаңы функция киргизет

Аккаунт коопсуз болуусу үчүн Instagram телефон номер менен почтаны кошууга кеңеш берет. Анткени чукул жагдайларда администрация сиз менен байланыша ала тургандай болушу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Instagram профилдин коопсуздугун бекемдөө үчүн Security Checkup функциясын ишке киргизет. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 
Instagram жетекчиси тиркемеде масштабдуу өзгөрүүлөр болорун айтты
Аккаунттун коопсуздугу үчүн Instagram социалдык тармак колдонуучу менен байланышып, аккаунтту калыбына келтирип туруу үчүн эки факторлуу идентификацияны колдонуп, телефон номерин жана почтасын кошууну сунуштап жатат.