ТИМ: Тажикстанда бир кыргызстандык кесилип, үчөө соттун чечимин күтүүдө

Учурда коңшу өлкөнүн тергөө абагында төрт кыргызстандык кармалып турат, бирөө жакында соттолду. Алар чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Душанбеде 9-июлда кыргызстандык киши беш жылга эркинен ажыратылганын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, 9/1 тергөө абагында Н.А.Д., М.И.М., Э.Х.К. и М.А.Н. аттуу төрт кыргызстандык кармалып турат. Алар коңшу өлкөдө мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өттү деп кармалган. Тажикстандын ТИМине кармалгандар менен Кыргызстандын консулун жолуктурууну уюштурууга жардам берүү өтүнүчү менен нота жөнөтүлгөн.
"Бирок элчиликке тажик тараптан жарандардын кармалышы боюнча расмий маалымат келген эмес. Тажикстандын укук коргоо органдарынын оозеки маалыматында И.М., Х.Э., А.М. жана А.Н. Тажикстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн айыпталууда", — деп айтылат маалыматта.
Депутаттар Жапаровго Чек ара, УКМК жана ИИМ башчыларын жазалоону сунуштады
Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, колго түшүрүлгөндөрдүн бири соттолду.
"Исмоили Сомони райондук сотунун чечими менен А.М. 5 жылга кесилди. А.Н. жана И.М. аттуу кишилерге жараян 12-июлда болмок, бирок күбөлөрдүн жетишсиздигинен процесс 16-июлга жылды. Х.Э. аттуу адамдын соту 14-июлда өтөт", — деп айтылат маалыматта.
Эпидемиологиялык абалга байланыштуу тажик тарап элчилик менен кыргызстандыктарды жолуктура албай турганы, бул маселе ТИМдин өзгөчө көзөмөлүндө экени кошумчаланды.