Кытайда ысыкта денени муздата турган кездеме ойлоп табышты

Бул материал жакын жердеги ультра сыя жана инфракызыл нурларды өзүнөн түртүп турат. Муну менен ал денени сырттагы ысыктан коргойт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кытайлык окумуштуулар ысыкта денени муздата турган кездеме ойлоп табышты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
Кездеме полилактид жана титан диоксидинин нанобөлүкчөлөрүнөн туруп, калыңдыгы 0,55 миллиметрди түзөт. Ал денеден бөлүнүп чыккан жылуулукту соруп алып, сыртка тез чыгарып турат.
Кийимге айланып, подиумга чыккан шоколад. Таң калтырган 15 сүрөт
Ошондой эле бул материал жакын жердеги ультра сыя жана инфракызыл нурларды өзүнөн түртүп турат. Муну менен ал денени сырттагы ысыктан коргойт. Окумуштуулар анын канчалык майнаптуу болорун текшериш үчүн ыктыярчыларга кийгизип көргөн.
Алардын бир бөлүгү кебез кездемеден, экинчи бөлүгү жаңы материалдан тигилген күрмөнү кийип, күн тийген жерде бир саат турушкан. Жыйынтыгында биринчи топтогу адамдардын денеси жаңы кездемеден тигилген кийимчендерге караганда алты градуска көбүрөөк ысыганы аныкталган. Учурда окумуштуулар тикмечилерге өз табылгасын сунуштап жаткан кез. Маалыматка караганда, мындай материалдан жасалган кийимдер өтө арзан болмокчу.