Кыргызстанда жаңы кызмат пайда болуп, ага Таалатбек Масадыков дайындалды

Маалыматта жаңы кызмат Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин ишинин майнаптуулугун арттыруу максатында түзүлгөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Өлкөдө Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматы пайда болуп, ага эл аралык мамилелер боюнча адис Таалатбек Масадыков дайындалды. Бул туурасында президент Садыр Жапаров эки жарлык чыгарган.
Чолпонбек Абыкеев Кыргызстандын мамлекеттик катчысы болуп дайындалды
Таалатбек Масадыков Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунан эл аралык мамилелер боюнча адис деген дипломго ээ болгон. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин аскердик милдетин өтөгөн. Афганистан, Россия, Англия сыктуу мамлекеттерде кошумча билим алып, өз кесиби боюнча эмгектенген. 2002-жылы Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) жумушка чакырылган. Ал аркылуу кайра эле Афганистан, Иран, Пакистан мамлекеттеринде кызмат өтөгөн. 2014-жылдын аягында Кыргызстанга кайтып келип, коомдук ишмердүүлүк менен алектенип жүргөн.