Мугалимдер, мэрия кызматкерлери, ишкерлер. Ошто депутат болчулардын аты-жөнү

БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, учурдагы депутаттардан бирөө гана кайра шайланды. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты бул ирет Ошко келип отурат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кайра шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Ош шаардык кеңешине төрт партия өттү.
Атамбаевдин уулу, ырчы жана бизнесмендер. Бишкекте кимдер мандатка жетти
Ош шаардык кеңешинде 45 мандат каралган, бул орундарга жетүү үчүн сегиз партия ат салышты. Добуштардын 7 пайызына ээ болгон партия жеңүүчү деп таанылат.
"Ата-Журт Кыргызстан" — 19 мандат
"Биздин Кыргызстан" — 15 мандат
"Улуттар биримдиги" — 7 мандат
"Бир Бол" — 4 мандат
Белгилей кетсек, эгер кимдир бирөө мандаттан баш тартса, артында турган талапкер депутат боло алат.
Ошондой эле расмий жыйынтык чыкканда мандаттардын бөлүштүрүлүшү өзгөрүшү мүмкүн.