Радио

Юрист нике кандай учурда жараксыз деп табыларын айтып берди

Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров нике кандай учурда жараксыз деп табыларын айтып берди.
Sputnik
Никени бир катар себептер менен жараксыз деп табууну соттон талап кылууга болот. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, никени жокко чыгаруу суранычы менен никеге туруу укугу бузулган жарандар, анын өкүлдөрү же мамлекеттик органдар кайрыла алат.
"Никени жараксыз деп табууну соттон эгер нике 18 жашка чейинкилер менен түзүлсө, жашы жетпеген жубайынын ата-энеси, балдарды коргоо боюнча мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү же тиешелүү укук коргоо органдары (прокурор) талап кылууга укуктуу. Эгерде нике жубайлардын биринин ыктыярдуу макулдугусуз, мажбурлоо, алдоо жолу менен түзүлсө же никеге турууга жолтоо болгон жагдайлардын бар экендигин билбесе (мурдагы никеси бузулган эмес болсо ж.б.) нике жокко чыгарылышы ыктымал. Мындан тышкары, жубайлардын биринде жыныстык дарты же ВИЧ инфекциясы бар экендиги жашырылса, түгөйлөрдүн экинчиси сотко кайрыла алат. Никеде төрөлгөн балдардын укугуна анын жокко чыгарылышы таасир этпейт. Эгерде никеде катталгандар иши каралганга чейин үй-бүлө түзүп алган болсо, сот аны жалган деп таба албайт. Мисалы, жаран жеңилдетилген тартипте жарандык алуу үчүн башка өлкөнүн жараны менен никеге туруп, ортодо бала төрөлсө, сот бул никени жокко чыгаруу боюнча доо арызын канааттандыруудан баш тартат", — деди Бакиров.
Юрист нике жараксыз деп табылса жубайлардын ортосундагы мүлктүк мамилелер, укугу жана милдеттери күчүн жогото турганын кошумчалады.