"Манас" айылын кайра куруу үчүн архитекторлор арасында сынак жарыяланды

Каалоочулар 18-июлга чейин заявкаларын бере алат. Ал эми эмгектерин ушул жылдын 5-сентябрына чейин даярдап бүтүшү керек. Эки жеңүүчүгө мамлекет тарабынан сый акы каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. "Манас" айылы маданий-этнографиялык комплексин кайра куруу боюнча архитекторлор арасында сынак жарыяланды. Бул тууралуу аталган комплекстен кабарлашты.
Сынак КР президентинин иш башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлмөкчү.
"Каалоочулар 18-июлга чейин заявкаларын бере алат. Ал эми эмгектерин ушул жылдын 5-сентябрына чейин даярдап бүтүшү керек. Эки жеңүүчүгө кийин мамлекет тарабынан сый акы каралган. Азырынча байге фонду тактала элек", — деп айтылат билдирүүдө.
Тоголок Молдонун 160 жылдыгы: манасчылар арасында сынак жарыяланды
Сынак боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн 0507 991799, 0552 677777 номерлерине кайрылса болот.
"Манас" айылы этнографиялык комплекси Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан. 12 гектардан ашык жерди ээлеген борбор учурда Бишкек эркин экономикалык аймагынын карамагында. 1995-жылы "Манастын" 1000 жылдыгына карата курулуп, анда кыргыздын маданиятын, каада-салтын жайылтуу максаты болгон. Тилекке каршы, анын аймагы кийин каралбай калган. 2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков комплексти оңдоо тапшырмасын берген.