БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Эверест чокусун багындырган кыргызстандык Эдуард Кубатов Улуттук олимпиада комитетинин Алтын ордени менен сыйланды. Бул тууралуу УОКтун Аткаруу комитетинин мүчөсү, КРдин Спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы Кабыл Макешов билдирди.
Дүйнөдөгү эң бийик чокуга чыккан Кубатовго сыйлыкты Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти Анвар Оморканов тапшырып, бир катар жетекчилер катышкан.
Спортчу жолугушууда бийиктикке чыгуу өтө оор болгонун, жеңишин кыргыз элине жана эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арнаганын белгилеген.
Кыргызстандык Кубатов 23-май күнү "Эверест 1" экспедициясынын курамында Эверестти багындырган.
Бийиктикке чыгуу 12-апрелде Непалда башталган. Команданын курамына Израиль, Кыргызстан, Малайзия, Россия жана Өзбекстандан барган альпинисттер кирген.
Кубатов Жердин эң бийик чокусун багындырган экинчи кыргызстандык болуп калды. Биринчи болуп ага 1997-жылы Дмитрий Греков чыккан.
Деңиз деңгээлинен 8 848 метр бийиктикте жайгашкан Тибет менен Непалдын чегиндеги бул чокуну багындырам деп жыл сайын дүйнөнүн ар бурчунан жүздөгөн альпинист келет.
Эдуард Кубатов дагы эки чокуну — Денали (Түндүк Америка) жана Винсон Массифке (Антарктида) чыгып, "Дүйнөнүн жети чокусун" багындырууну пландап жатат.