Жаңы мунай дүрбөлөңү: Россия кандай пайда көрөт?

Мунай жана газдын глобалдык баасы көп жылдык максимумун жаңыртты. Акыркы күндөрү жүргүзүлгөн түзөтүүлөрдү эсепке алганда да бул абдан кымбат. Мындан ары эмне болот?
Sputnik
Энерготашуучулардын наркын божомолдоо — берекесиз иш. Бирок рыноктогу абалды талкуулоо кызыктуу. Башкысы азыркы баалардын канчалык туруктуу экенинде, себеби рыноктун мыйзамына ылайык кымбат баа кошумча сунуштарды, андан соң рыноктун сууй түшүшүн өбөлгөлөйт. Ошондой жагдай түзүлүшү мүмкүнбү? Бул жагынан караганда мунай, газ рыногундагы кырдаал окшошуп да кетет, айырмаланып да турат.
Окшоштугу – кошумча сунуштун потенциалдуу булактарынын биринде, атап айтканда, Кошмо Штаттардагы сланецтик мунай жана газ казуу... Айырмачылыгы – кымбат баага реакция кылуунун ылдамдыгында. Мунай жаатында баары бачым жүрөт. Кырдаалга РИА Новости баам салды.
Адегенде мунайдан баштайлы. Мында кымбат баанын себептери белгилүү. Суроо-талап калыбына келүүдө, ал эми чектөөлөр акырындап жоюлуп жатканы менен ОПЕК+ келишими дале күчүндө. Бирок күнүнө төрт миллиондон ашуун баррель мурдагыдай эле ушул макулдашуунун алкагында бекитилген бойдон.
Ага катар эле ОПЕК+ келишиминин чегинен тыш жерлерде сланецтик мунай казуу акыркы жылдары жетиштүү инвестицияланбаганынан улам сунуш токтоп калган. Ошондуктан америкалык сланецтик мунай казууга кызыгуу күч алды.
Окуялардын өнүгүшүнүн стандарттык логикасы анык, акыркы жылдары анын тегерегинде рынокто тактика түзүлүүдө: өтө кымбат мунай сланецтик кен казууну өбөлгөлөп, бул сунуштун өсүшүнө жана баанын төмөндөшүнө түртөт. ОПЕК+ тобунун рыногундагы мунай таңсыктыгы жана ашыкча болуп турган маалда кен казууну жогорулатып же азайтуу абзел.
Россия бензинди экспорттоого убактылуу тыюу салуу маселесин карайт
Теорияда баары түшүнүктүү, бирок иш жүзүндө бул ыкманы ишке ашыруу алкагында ОПЕК+ келишиминин катышуучулары арасында талаш-тартыштарга күбө болуп келебиз. Бааларды кымбат деңгээлде кармап турууну жактагандардын жүйөсү да бар: сланецти калыптандыруу абдан жай жүрүп, америкалык мунай казуу дээрлик жогорулай элек.
Бургулоочу орнотмолордун саны ушул тапта болгону 40 пайызга гана жанданган, жогорулашы да мүмкүн. Башкача айтканда, бул ирет америкалык сланецчилер маңызында ОПЕК+ келишимине кошулгандай эле болду. Кен казууну көбөйтпөстөн, баа жогору кармалып турган убакта карыздарын, акционерлерге акчаларын кайтарууну ылайык көрүштү. Анткен менен 75-80 доллар да – алар үчүн көлөмдү жогорулатууну ойлонууга азгыра турган баа.
Кантсе да мында белгисиздиктин үч фактору бар. Биринчиден, ОПЕК+ келишиминдеги жаңы пикир келишпестиктердин белгилери. Бул азыркы чектөөлөрдүн узартылышы менен да, жаңжал, анан да кен казуу көлөмүнүн көбөйүшү менен да аякташы ыктымал.
Экинчиден, АКШдагы кен казуунун өсүшүн өбөлгөлөй турган мунайдын кымбат баасы. Ал эми үчүнчүдөн, "иран фактору". Бирок газ рыногу да андан кем эмес, мында да баалар көп жылдык максимумдарды көрсөтүүдө. Себептер көп, азыр алар айкын да болуп турат. Анткен менен жарым жылдай эле убакыт мурун рынокто таптакыр башкача маанай эле. Азыр суюлтулган жаратылыш газы Азияга кетүүдө, Европада көмүркычкыл эмиссиясына квоталардын баасы жогорулоодо.
Биз мында келечектеги суроо-талап менен сунуштун тең салмактуулугун жоромолдоодон алыспыз, таразанын эки табагында тең белгисиздиктер бар. Анан да газ жаатында аба-ырайы фактору да роль ойнойт. Газдын кымбат баасы да туруксуз деген пикирлер көп айтылат, анткени андай жагдайда АКШ бүт дүйнөнү суюлтулган жаратылыш газына толтурмак. Баары бат эле алмашып турган мунай рыногунан айырмаланып, суюлтулган жаратылыш газын алуу үчүн кошумча заводдорду курууга туура келет. Ал эми буга кеминде эле дагы төрт жыл керек.
Орустар эле эмес... Жаңы оюнчу америкалыктарды сүрүп чыгаруудабы?
АКШда газдын ички баасы да кыйла өстү, бирок азыркы баанын тушунда деле суюлтулган табигый газын экспорттоочулар глобалдык рынокто дурус пайда көрүүдө. Бирок мунайчылар кааласа, нефтинин бааларынын азыркы толкунун да тез эле өздөштүрүп алышы ажеп эмес. Ал эми газ тармагында андайга жол берилбейт.
Акыркы жылдары дүйнөлүк деңгээлдеги эксперттер арасында төмөнкүдөй бир пикир кеңири таралган: "Газпром" АКШда суюлтулган жаратылыш газынын жаңы заводдорун курууга түрткү болбош үчүн Европада баалардын өсүшүнө жол бербөөгө бар күчүн жумшайт. Чындап эле, көпчүлүк учурда "Газпром" Европага экспорт көлөмүн көбөйтүүгө аракет кылган. Мындайда экспортту жогорулатуу негизги максат эмес, болгону жогоруда аталган жагдай буга себеп болгон.
Бирок абал өзгөрдү. "Газпром" ушул тапта "Түндүк агым — 2" долбоорунун ишке киришин күтүп, ошондон улам газды Украина аркылуу жеткирүүгө ашыккан жок.
Европалык газ сактагычтарындагы таңсыктык "Түндүк агым – 2нин" ишке берилишине саясий тоскоолдуктарды азайтары турулуу иш. Кандай болгон күндө да мурда иштеген концепция азыр жокко чыгарылган. Ага катар эле кымбат баанын тушунда "Газпром" кошумча киреше табат.
Ошентсе да азырынча биз Кошмо штаттарда суюлтулган жаратылыш газ заводдорун куруу боюнча акыркы инвестициялык чечимдердин кабыл алынганын байкай элекпиз. Бирок глобалдык суроо-талап жана сунуштардын узак мөөнөттүү балансында америкалык суюлтулган газга кыйла үлүш түшөт. Ошондуктан АКШда бул багыттагы жаңы заводдордун курулушу толук мүмкүн, бирок рынокко анын таасири бир нече жыл өткөндө гана байкалары бышык.