Улукбек Марипов жубайы менен келип добуш берди. Сүрөттөр

Учурда үч шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. Саат 12:00гө карата шайлоочулардын катышуусу 12,47 пайызды түздү.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берди.
1 / 3
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берди
2 / 3
Ал шайлоого жубайы Назгүл Марипова менен келген
3 / 3
Учурда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. Саат 12:00гө карата шайлоочулардын жалпы катышуусу 12,47 пайызды түздү
Ал шайлоого жубайы Назгүл Марипова менен келген.
"Жубайым менен Бишкек шаарынын №40 жалпы билим берүүчү орто мектебинин имаратында жайгашкан № 1032 шайлоо участогунда добуш берип келдик. Республиканын ар бир жараны өзүнүн добуш берүү укугун пайдалануу менен социалдык жоопкерчиликти, саясий жана укуктук жактан жетилгендигин көрсөтүүсү зарыл", — деп жазган Марипов Facebook баракчасына.
Учурда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. Саат 12:00гө карата шайлоочулардын жалпы катышуусу 12,47 пайызды түздү.