БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Шайлоого катышып жаткан партиялардын бири тараптан добуш сатып алуу фактысы катталганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.
"10-июль күнү Бишкек шаарындагы Ленин районунун №2 аймактык муниципалдык башкармалыгынын жашоочуларына пара берип жаткан жеринен "Эмгек" партиясынын өкүлү К. Э. А. кармалды", — деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Маалыматка караганда, анын жанында шайлоочулардын тизмеси жана кимге акча бергендиги тууралуу маалыматтар болгон.
"К. Э. А. "Эмгек" партиясынын атынан чыгып жаткан Р. у. Т. аттуу талапкердин көрсөтмөсү менен аталган аймактын жашоочуларына киши башына миң сомдон берип жаткан", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда шайлоо тилкелеринде эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан окусаңыз болот.